Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:35

"Мегакомдун" азыркы жетекчилигине 2 кылмыш иши козголду


“Мегакомдун” ээси “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Азамат Мурзалиевге карата "компаниянын бир катар кызматкерлерин негизсиз кызматтан кетирди" деген айып тагылып, кылмыш иши козголду. Мындан сырткары “Мегакомдун” коопсуздук департаментинин жетекчиси Тилен-Аалы Кызалаков жана директордун кеңешчиси Эмил Худояровго "өткөн жылдын 7-апрелинен 11-апрелге чейинки убакыт аралыгында 9,4 миллион сомду кымырып алган" деген шек менен иш ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын Мыйзамдын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жана коррупция менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, “Мегакомго” байланыштуу бул иштерди иликтөө үчүн Башкы прокуратура жана Каржы полициясынын өкүлдөрүнөн турган тармактар аралык иликтөө тобун түзүү чечими кабыл алынды.

“Альфа Телекомдун” азыркы жетекчилиги бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, анда Апрель ыңкылабынан кийин “Мегакомго” “Акыйкат” партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкуловдун атынан келген Рашид аттуу жардамчысы 4,5 миллион сомду коркутуп алып кеткенин айтышкан. Андан бир нече күндөн кийин "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Көлбаевдин атынан Баатыр деп өзүн тааныштырган адам да 2,5 миллион сом алганы кабарланган. “Альфа Телекомдун” башкы директорунун милдетин аткаруучу Азамат Мурзалиев каражаттарды ким, кайсы жакка алып кеткени тууралуу тиешелүү далилдер бар экендигин билдирген.

“Акыйкат” партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов мындай билдирүүнү жалган ушак катары сыпаттап, буга байланыштуу “Мегакомдун” жетекчилигин сотко бере тургандыгын “Азаттыкка” кабарлады.

“Мегакомдун” басма сөз кызматы Башкы прокуратура козгогон кылмыш иштери тууралуу маалымат түшө электигин “Азаттыкка” билдиришти. (KKs)

XS
SM
MD
LG