Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Аба ырайы


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 12-мартта Кыргызстандын айрым жерлеринде, түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир аймактарын туман капташы мүмкүн. Тоолуу аймактардагы жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метр, Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…5 градус, күндүз 3…8 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн -2…-7 градус, күндүз 3…8 градус болоору күтүлүүдө. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз 5…10 градус жылуу болсо, Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2…-7 градус, күндүз 0…5 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3 градус болоору күтүлүүдө. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -14…-19, күндүз -5…-10 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан-чачын күтүлөт, күндүз дээрлик жаан-чачын болбойт. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус суук, күндүз 6…8 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG