Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Таласта “Талас Коппер Голд” компаниясынын лагери өрттөлдү


Талас районунун Арал айылындагы “Талас Коппер Голд” кен изилдөө компаниясынын күйүүчү майлар сакталган жана жумушчулар жашаган лагерин айрым жергиликтүү тургундар өрттөп жиберишти. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы окуя болгон жерден маалымдады. Кабарларга караганда, Арал айылында “Талас Коппер Голдго” тиешелүү 14 контейнер, компаниянын кеңсеси жана батирге алып жүргөн үй бар болчу. Натыйжада, контейнерлер менен кеңселер өрттөлүп, батир үй талкаланган. Күбөлөрдүн айтымында, лагерди өрттөгөн адамдар бул компаниянын Таласта иштешине каршы болушкан. Ушул тапта лагерди тартип коргоо кызматкерлери кайтарып турушат. “Талас Коопер Голд” компаниясы болсо бул факт боюнча комментарий бере элек.

“Талас Коппер Голд” 2005-жылдан бери Талды-Булак-Талас аймактарында геологиялык изилдөө жана чалгындоо иштерин жүргүзүп келет. Бул компаниянын көпчүлүк акциясы Gold Fields деп аталган Түштүк Африка Республикасындагы компанияга тиешелүү. (KKs)

XS
SM
MD
LG