Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Топон суунун айынан Курилден 11 миң киши чыгарылды


Орусиянын Чукул кырдаал министрлиги суу ташкындын айынан Курил аралдарынан 11 миң кишини коопсуз аймактарга алып чыкты.
Жапонияны каптаган топон суунун бийиктиги Курил аралдарына 3 метрге чейин жетээри кабарланган. Азырынча суу толкуну 1 жарым метрге чейин көтөрүлүп жатканы айтылууда.

Жапония, Курил жана Мариан аралдарында топон суу жүрө тургандыгы мурда эле айтылган. Тынч океандагы цунаминин алдын алуу борбору жалпы эле мухит боюнда топон суу күтүлө тургандыгын жарыялады.

XS
SM
MD
LG