Жума күнү Жапонияда күчү 9 баллга чейин жеткен жер титирөө болду, өлкөнүн премьер-министри Наото Кан кырсыкты “эң чоң кыйроо” деп атады. Зилзаланын очогу Токиодон 373 чакырым алыс жерде болуп, анын тереңдиги 24 чакырымга чейин жеткени катталды. Маалыматтарда жүздөгөн адам набыт, көптөр дайынсыз экени кабарланууда (көрсөткүч улам өзгөрүүдө).
Силкинүүнүн толкуну бир канча жолу кайталанып, чоң шаарларда өрт чыкты. Токионун чеке белиндеги кара май сактоочу жай күйүп жатканы кабарланды.
Зилзалага удаа эле өлкөнүн түндүк жээктеринде топон суу жүрүп, суу ташкындын бийиктиги ондогон метрге чейин көтөрүлдү. Жапониянын бир катар префектураларында суу ташкыны үй-жай, унаанын баарын шыпырып, имараттар бузулду.
Тик учактан тартылган тасмалар өлкөнүн түндүгүндө океандын жээгиндеги шаарларды суу ташкыны каптап жатканын көрсөтүүдө.
Тынч океандагы цунаминин алдын алуу борбору жалпы эле мухит боюнда топон суу күтүлөөрүн жарыялады.