Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Кылмыштардын жарымын 14 - 28 жаштагылар жасайт


Жаштар иштери боюнча министрликтин баяндамасына ылайык, Кыргызстанда кылмыштардын кеминде 52 пайызга жакынын 14-28 жаштагылар жасайт. Көпчүлүк жаштар аралашкан кылмыштардын катарына уурулук, талап-тоноо, опузалоо өңдүү кылмыштар кирет. Мындан сырткары диний-экстремисттик топторго кирип, баңги зат сатуу иштерине катышкан жаштар да басымдуулук кылат.

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстан калкынын 32 пайызын жаш курагы 14-28 жаштагы жарандар түзөт. Алардын саны 1 миллион 684 миңден ашык деп белгиленет. (KKs)

XS
SM
MD
LG