Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

13-мартта жаан-чачын күтүлбөйт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 13-мартта Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардагы жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6 градус, күндүз 11…16 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн -1…-6 градус, күндүз 10…15 градус болоору күтүлүүдө. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -0…5 градус, күндүз 14…19 градус жылуу болсо, Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0…-5 градус, күндүз 4…9 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6 градус болоору күтүлүүдө. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5 градус суук, күндүз 13…15 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG