Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Имамдардын билимин өнүктүрүүгө багытталган семинар башталды


Бишкекте башталган бул семинарга Бишкек шаары жана Чүй облусунан келген 60ка жакын имам катышууда. Аларга исламдын негиздери, динге дал келбеген салттар, террорчулукка карата исламдын көз карашы өңдүү темаларда сабактар берилет. Мындан сырткары ислам дини менен мамлекеттин ортосундагы маселе, карым-катнаштар талкууга алынат. Лекцияларды муфтияттын өкүлдөрү, Кыргызстандагы ислам окуу жайларынын, Дин комиссиясынын айрым мүчөлөрү жана Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү өтөт. Иш-чара 16-мартка чейин созулат. Аны Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана муфтият биргеликте өткөрүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG