АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча орун басары Роберт Блейк кыргызстандык журналисттер менен телефон аркылуу баарлашуусунда “Манас” аба майданындагы Транзиттик жүк ташуучу борбор боюнча эки тараптуу келишим 2014-жылы аяктарын билдирди. Мындан сырткары келишимге ылайык, транзиттик борборго келе турган авиакеросиндер салыктан бошотулганын ачыктады.
2009-жылдын июль айында Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн ортосунда жыл сайын узартылып туруу шарты менен беш жылга түзүлгөн келишимге ылайык, “Манас” аба базасы транзиттик борбор болуп өзгөргөн. Келишимдин шарттары боюнча транзиттик борбордун мөөнөтү эки тарап келишимди токтотууну каалабаган учурда жыл сайын автоматтык түрдө узарып турат. “Манас” транзиттик борбору үчүн АКШ тарап Кыргызстанга жыл сайын 60 миллион доллар төлөп берет.
Жогорку Кеңештеги бир катар депутаттар АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборуна келчү авиакеросинге атайын төлөм киргизүү демилгесин көтөрүп келишет. (KKs)