Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Жапонияда атомдук станцияда жарылуу болду


Жапониянын расмий бийликтери маалымдаганына караганда, жер титирөөдөн жабыркаган атомдук станцияда болгон жарылуудан реактор жайгашкан жай талкаланды. Бирок реакторду каптаган металл ошол бойдон калды. Өкмөттүн басма сөз катчысы Юкио Эдано Фукушима Даичи станциясынын айланасындагы радиациянын деңгээли көтөрүлгөн жок деп кошумчалады. Буга чейин маалымат каражаттары радиация жогорулаганын кабарлашкан эле. Ошол эле маалда бийлик станцияга жакын жашаган жергиликтүү калкты 10 километр алыстыкка көчүүгө чакырды. Адистер 11-марттагы зилзаладан реактордун муздатуу системасы керектен чыкканын айтып, ал эрий башташы мүмкүн деп эскертишет. Күчү 8,9 баллга жеткен жердин силкинүүсү жана андан келип чыккан цунамиден 1 миңден ашуун адам каза тапканы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG