Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:20

Дыйкандар күйүүчү майдын 30 пайызы менен гана камсыздалды


Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, азырынча кыргызстандык дыйкандар жазгы айдап-себүү иштери үчүн керек болгон күйүүчү майдын 30 пайызы менен камсыз болушту. Март айынын башындагы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 12 миң тоннага жакын дизелдик отун бар. Жазгы айдап себүү иштерине жалпысынан 40 миң тоннага жакын дизелдик отун керектелет. Ушул тапта Мамлекеттик материалдык резерв фондунда былтыркы жылдан калган 7,5 миң тонна күйүүчү май сакталып турат. Бул күйүүчү майларды дыйкандарга арзандатылган баада берүү пландалууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG