Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Вашингтон Араб Лигасынын кадамын кубаттады


Ак Үй Араб Лигасынын Ливия боюнча чечимин кубаттады. Кечээ Каирдеги жыйынында араб өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине кайрылып, Ливиянын карапайым элин коргоо үчүн өлкөнүн аба мейкиндигин согуштук учактар үчүн жабуу чечим кабыл алууга үндөшкөн. Вашингтон администрациясынын билдирүүсүндө Араб Лигасынын кайрылуусу олуттуу кадам катары сыпатталат. АКШ жана Европа биримдиги Ливиянын президенти Муаммар Каддафини бийликтен кетүүгө үндөп келатышат. Бирок БУУнун резолюциясыз аскерий чараларга баруудан карманышууда. Коопсуздук кеңеши Ливиянын аба мейкиндиги боюнча маселени колго салабы же жокпу азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG