Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:17

“Таатан-1” жана “Таатан-2” соода түйүнү жабык турат


12-мартта Бишкек шаарындагы негизинен кытайлык соодагерлер иштеген “Таатан” соода комплексинде соодагерлер арасында чатак чыгып, эки кытайлык соодагер киши колдуу болгону кабарланган. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, азыркы тапта “Таатан-1” жана “Таатан-2” соода түйүндөрү жабык турат. Каза болгондордун сөөгү азыр да мекенине жөнөтүлө элек. Соодагерлер бул иш-чараны уюштурууга мамлекет жардам көрсөтсө жакшы болмоктугун айтышууда.

“Таатан” соода түйүнүндө иштегендердин айтымында, 12-март күнү соода комплексинде иштеген дуңган тектүү жергиликтүү жарандар менен соодагер кытайлар жаңжалдаша кетишип, натыйжада эки кытайлык набыт болгон. Милиция бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө жүрүп жатат. (IJz)

XS
SM
MD
LG