Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

Жапониядагы кыргыздарды чыгаруу маселеси каралууда


Жапониядагы жер титирөө жана топон суудан кийин ал жактагы жабыр тарткан кыргыз жарандарын өлкөдөн чыгарып кетүү маселеси каралууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Марат Жаманбаев билдирди.

Анын айтымында, Жапонияда консулдук каттоодо турган 135 кыргыз жараны бар. Алардын 50 чактысы үй-бүлөсү менен кошо Кыргызстанга кайтып кетүү ниетин билдирип, элчиликке кайрылышты. Ушул тапта аларды эвакуациялоонун жолдору караштырылууда. Элчи М.Жаманбаевдин айтымында, учурда үй-жайын топон суу талкалап кеткен эки кыргыз үй-бүлөсүн элчиликке алып келүү үчүн унаа жөнөтүлдү. Элчиликтин маалыматы боюнча Жапониядагы кыргыз жарандары арасында жарадар же каза болгондор жок. Ушул тапта Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте эвакуация үчүн учак жөнөтүү же адамдарды башка жолдор аркылуу алып келүү маселеси каралууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG