Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:42

“Таатандагы” кытайлык соодагерлер элчиликке нааразы


Бишкектеги “Таатан” соода түйүнүндө иштеген кытайлык соодагерлер Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине нааразылыгын билдиришүүдө. “Таатан” соода түйүнүнөн “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, соодагерлер 12-март күнү киши колдуу болгон эки кытайлык жарандын тагдырына Кытайдын элчилиги кызыгып да койбогонун айтып, нааразы болушууда. Алардын белгилешинче, эки күндөн бери Кытай элчилиги “Таатандагы” жагдайды сурап, мерт кеткен эки кытайлыктын сөөгүн мекенине кайтарууга көмөктөшкөн эмес.

"Таатан" соода түйүнүндө иштегендердин айтымында, 12-март күнү аталган соода комплексте иштеген дунган тектүү жергиликтүү жарандар менен соодагер кытайлар жаңжалдаша кетип, натыйжада эки кытайлык каза тапкан. Милиция бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө жүрүп жатат. (IJz)

XS
SM
MD
LG