Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Премьер-министр Эл аралык ишкерлер кеңешинин жыйынына катышат


Бүгүн Эл аралык ишкерлер кеңеши Бишкектеги “Хаят” мейманканасында “Парламенттик демократиянын шартында экономиканы өнүктүрүү жана бизнес” деген темада кеңири жыйын өткөрөт. Жыйынга премьер-министр Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана ишкерлер катышат. Жыйында өлкөдөгү ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү жана экономикалык кырдаалды жакшыртуу маселелери талкууланат. Эл аралык ишкерлер кеңеши өкмөткө инвестициялык жагдайды жана бизнес чөйрөсүндөгү абалды жакшыртуу жаатында өзүнүн сунушун бермекчи. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңеши маалымдайт. (IJz)

XS
SM
MD
LG