Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:20

Башкы прокуратура “Альфа Телеком” боюнча кылмыш ишин токтотту


Башкы прокуратура “Альфа Телеком” боюнча Каржы полициясы козгогон кылмыш ишин “бул жерде кылмыштын негиздери жок” деген жүйө менен токтотту. Бул тууралуу бүгүн “Акипресс” маалымат агенттигинде Башкы прокуратуранын Башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, MegaCom деген марка менен белгилүү “Альфа Телеком” ишканасына тиешеси бар Андрей Силич менен Александр Бороздинге карата козголгон кылмыш ишинде кемчиликтер бар. Ал эми Каржы полициясы “Альфа Телеком” боюнча материалдарды алууга жолтоо болууда. Андыктан 15-мартта көрсөтмө бериш үчүн Каржы полициясынын жетекчиси Башкы прокуратурага чакырылмакчы. Андан тышкары Башкы прокуратура премьер-министр Алмазбек Атамбаевге жана Жогорку Кеңешке Каржы полициясынын калпыс иштери тууралуу 20 барактан турган отчет жөнөттү.

Азырынча Каржы полиция бул тууралуу комментарий бере элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG