Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

“Таатандагы” кытайлыктарды өлтүрдү делген шектүүлөр кармалды


12-мартта Бишкектеги “Таатан” соода түйүнүндө эки кытайлык соодагердин өлтүрүлүшүнө байланыштуу жүргүзүлгөн чукул тергөө-иликтөө иштеринин натыйжасында, милиция тарабынан Чүй облусунун Москва районунун эки тургуну кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Ушул тапта шектүүлөр убактылуу абакка жаткырылып, сурак берип жатышат. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.

“Таатан” соода түйүнүндө иштегендердин айтымында, 12-март күнү аталган соода комплексте иштеген дуңган тектүү жергиликтүү жарандар менен соодагер кытайлар жаңжалдаша кетишип, натыйжада эки кытайлык мерт кеткен. Милиция бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө жүрүп жатат. (IJz)

XS
SM
MD
LG