Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:45

Кытай парламенти беш жылдык планды жактырды


Экономиканы трансформациялоого, айыл жериндегилердин кирешесин арттырууга жана социалдык туруктуулукту сактоого багытталган план кытай парламентинин жылдык сессиясында бекитилди. Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын он күнгө созулган сессиясы бүгүн аяктоодо.

Премьер-министр Вэн Цзябаонун парламентте билдиргенине караганда, алдыдагы беш жыл экономикадагы өнүгүүнү трансформациялоону тездетүү үчүн чечүүчү мезгил болот. Ал Бээжиндеги маалымат жыйыны учурунда өлкө азыр жумушчу орундарды жаратуу менен инфляцияны ооздуктоонун ортосунда туура багытты табуу үчүн күрөшүүдө.

Кытай өкмөт башчысы ошондой эле Кытайды элдик толкундоо каптаган Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөлөрүнө салыштыруу ылайыксыздыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG