Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Аба ырайы. Шашылыш эскертүү!


15-марттан 17-мартка чейин соңку кездери орун алган жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо Бишкек – Ош (121-137, 198-265 км), Ала-Бука - Канышкия (62-100 км), Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150 км) жана Кара-Кол - Эңилчек (45-90 км) багытында кар көчкүсү болуусу ыктымал. Унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты кармоо сунуш кылынат.

Бул аралыкта Жалал-Абад, Ош, Баткен, Чүй жана Талас облустарынын тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн. Ойдуң жерлерде суу капташы ыктымал.

15-мартка карата синоптиктердин аба ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот, айрым жерлерде мол жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5… 10 даража жылуу болсо, күндүз 0… 5 даражага чейин түшөт. Талас облусунда түнкүсүн 3… 8 даража жылыса, күндүз 0… 5 даражага чейин түшөт. Баткенде түнкүсүн 5… 10 даража, күндүз 9… 14 даража жылуу, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8… 13 даража, күндүз 10…15 даража жылуу, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1 даража, күндүз 1…6 даража жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2 даража, күндүз 3… 8 даража жылуу болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -15... -20, күндүз -2... -7 даража.

Бишкек шаарында 15-мартта жаан-чачын мол жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6… 8 даража жылуу, күндүз 1… 3 даража болот.

XS
SM
MD
LG