Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Ливия козголоңчулар тарапка өтүп кеткен аскерлерге мунапыс сунуш кылды


Мындай жарыяны бүгүн мамлекеттик сыналгы жасады. Жарыяга ылайык, козголоңчулар тарапка өтүп кеткендер кайра өкмөттүк күчтөргө багынып берсе, кечирим алышат. Ливия лидери Муаммар Каддафинин күчтөрү азыр мындан бир апта мурун эле өлкөнүн чыгыш бөлүгүнүн баарын көзөмөлдөөгө жетишип, борбор Триполини көздөй жыла башташкан козголоңчуларды артка сүрүүдө.

Бул аралыкта бүгүн Париж шаарында АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон "Чоң сегиздин" тобуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолуккан жатат. Анда Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак деп жарыялоо маселеси талкууланары күтүлүүдө. Бул идеяны Араб лигасына кирген өлкөлөр колдоп, Франция менен Британия БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюция долбоорун даярдашкан.

Бирок Коопсуздук кеңешинде вето салуу укугуна ээ Орусия бүгүн бул маселе боюнча кеңири маалымат талап кыларын, НАТОнун мусулман өлкөлөрдөн жалгыз мүчөсү Түркия Ливияга аскерий кийлигишүүгө каршы экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG