Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

АКШ Бахрейн боюнча чечкиндүү кадамдардан оолак болууга чакырды


Америка Кошмо Штаттары Перси булуңу регионундагы мамлекеттерди Бахрейндеги башаламандык боюнча “сабырдуулукка” чакырды. Ак Үйдүн расмий өкүлү Жей Керни АКШ Бахрейн бийлигин жана Перси Булуңу кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөрдү башаламандыкта күч колдонбогонго, нааразылык билдирип чыккан демонстранттардын да укугун урматтоого чакырды. Кечээ Сауд Арапстан жана региондогу башка мамлекеттер өкмөттүк имараттарды талап-тоноодон сактап калыш үчүн 1000 аскерин Бахрейнге жибергенин кабарлашкан. Өлкөдө сунни падышасынын үй-бүлөсү дискриминациялык саясатын жүргүзүп жатат деп нааразы болгон шийи көпчүлүгүнүн жүрүштөрү бир нече аптадан бери өлкөдө башаламандыкка алып келүүдө.

XS
SM
MD
LG