Пакистандын премьер-министри Сайед Юсуф Реза Гилани иш сапары менен Кыргыз Республикасына келди. Анын учагы Бишкектин “Манас” эл аралык аба майданына бир аз мурдараак келип конду. Ал иш сапары алкаганда премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык тууралуу сүйлөшүшөт. Ошондой эле ал президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков менен да жолугушмакчы. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (IJz)