Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Кыргызстанда АКШ менен Орусиянын дагы эки аскерий базасы ачылат


Бул тууралуу бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Роза Отунбаева журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан өзгөчө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы чек арасын бекемдөөгө катуу көңүл бурушу керек. Бул максатта Ошто Орусия катышкан жаңы аскерий машыгуу базасы ачылмакчы. Баткен облусунда да ушундай эле машыгуу базасы курулары пландалып, ал аскерий база боюнча долбоорго америкалыктар тартылмакчы.

Азыр Кыргызстанда АКШ менен Орусиянын бирден аскерий базалары бар. Маселен, “Манас” аба майданында АКШнын Транзиттик борбору жайгашкан болсо, Кант шаарынан анча алыс эмес жерде Орусиянын аскерий базасы турат. (IJz)

XS
SM
MD
LG