Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

MegaCom компаниясында кош жетекчилик тирешип турат


Ушул тапта MegaCom уюлдук оператору катары таанымал “Альфа Телеком” компаниясынын жетекчилиги Бишкектеги баш кеңседе тирешип, компанияда бири-бирине баш ийбеген кош жетекчилик абалында иш уланууда. “Альфа Телеком” компаниясынын баш кеңсесинде болгон “Азаттыктын” кабарчылары маалымдашынча, бир тарапта Башкы прокуратура кылмыш ишин токтоткон мурдагы башкы директор Андрей Силич, бир тарапта башкы директордун милдетин аткаруучу Азамат Мурзалиевдин куралчан сакчылары топ-топ болуп жүрүшөт.

Силич бүгүн журналисттердин суроолоруна жооп берип, Башкы прокуратура ага жана орун басары Александр Бороздинге каршы кылмыш ишин токтоткону тууралуу кагазды колуна алганын, андыктан бүгүнтөн тарта мурдагыдай эле башкы директор катары өз милдетин аткара берерин, компаниядан 28 миллион доллар чыгарып кетпегенин айтууда.

Ал арада “Альфа Телеком” компаниясынын башкы директорунун милдетин аткарып аткан Азамат Мурзалиев Андрей Силич баштаган адамдарды айыптап, Каржы полициясына толук маалыматтарды беришкенин, алар 28 миллион долларды чыгарып кетишкени анык экенин айтууда. Каржы полициясы да А.Силич баштаган адамдарга козголгон кылмыш иши туура экенин, компанияда чындап эле шектүү каржылык операциялар болгонун айтышууда.

Кечээ Башкы прокуратура Каржы полициясы козгогон кылмыш ишти “аталган иште кылмыштын негиздери жок” деген жүйө менен токтотуп койгон. Бүгүн болсо ошол токтомду көтөрүп алып компаниянын мурдагы башкы директору А.Силич көптөгөн куралчан жан сакчылары менен келип, компанияны башкара берерин айтып чыкты. (IJz)

XS
SM
MD
LG