Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

“Кумтөрдүн” 70 пайызын мамлекетке кайтаруу талап кылынууда


“Элдин ырыскысы элге” кыймылы бүгүн “Кумтөр” алтын кенин иштеткен чет элдик компаниянын Бишкектеги кеңсесинде пикет өткөрүп, аталган кендеги мамлекеттин үлүшүн 70 пайызга чейин көтөрүүнү талап кылышты. Ушундай талап жазылган кайрылууну кыймылдын өкүлдөрү бүгүн президент Роза Отунбаевага, премьер-министр Алмазбек Атамбаевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго жөнөтүштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын өкүлү Кубаныч Маматкеримов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнү “Кумтөр” алтын кенинен түшкөн пайданын басымдуу бөлүгүн өтө эле тар чөйрө көрүп, мамлекет аз пайда алууда. “Ошол себептүү 2009-жылдын 24-апрелиндеги келишимди карап чыгып, өзгөртүү керек” дейт Маматкеримов.

Аталган кыймыл 25-мартка чейин бийликтен кайрылууга жооп берүүсүн талап кылышууда. Ал эми 25-мартта “Элдин ырыскысы элге” кыймылы Ысык-Көл облусунун Тамга айылында нааразычылык акциясын өткөрмөкчү. (IJz)

XS
SM
MD
LG