Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Бишкек-Исламабад “бир тууган” шаарлар болуп калды


Бул тууралуу эки тараптуу макулдашуу Пакистандын премьер-министри Юсуф Гилани менен премьер министр Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусунда жетишилгендигин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт. 15-мартта кол коюлган макулдашууда “эки тараптын кызыкчылыктарын көздөгөн кыргыз-пакистан алакаларын өнүктүрүү өлкөлөрдүн тышкы саясаттарындагы артыкчылык” катары бааланат.

Пакистан Кыргызстан менен отун-кубат жаатында кызматташууга кызыкдар. Борбордук жана Түштүк Азиялык аймактык энергетика долбоорунда Кыргызстан менен Тажикстанда өндүрүлгөн электр кубатын Ооганстан менен Пакистанга сатуу каралат.

15-мартта Пакистандын премьер-министри Сайед Юсуф Реза Гилани расмий иш сапар менен Кыргызстанга келди. Пакистандын өкмөт башчысы президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков менен да жолугушаары белгиленген. (GA)

XS
SM
MD
LG