Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

БУУнун Коопсуздук кеңешинде Ливия боюнча резолюция долбоору таркатылды


Сөз ушул күндөрү граждандык согуш жүрүп жаткан Ливиянын аба мейкиндигин жабуу тууралуу болуп жатат. Буга чейин мындай сунушту Франция менен Британия көтөрүшкөн. Муну колдогондор ливиялык лидер Муамар Каддафинин күчтөрү козголоңчуларга абадан сокку уралбай калмак дешет. Идеяны Арап лигасы да колдогон. Бирок Кытай менен Орусия буга каршылык көрсөтүшүүдө.

Ал арада Ливиянын маалымат каражаттары Каддафинин күчтөрү козголоңчулар көзөмөлдөгөн Бенгазиге жакындап калышканы, Аджабини багындырганы кабарлашууда. Каддафи өзү кечээ Триполиде колдоочуларынын демонстрациясында сүйлөп, оппозиция өкүлдөрүн “саткындар”, “келемиштер” деп атады.

XS
SM
MD
LG