Кечээ полиция менен демонстранттардын кагылышында үч адам мерт болгону айтылууда. Ушул эле күнү бийликтер үч айга өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин жарыялашты. Бул жерде сунни падышасынын дискриминациячыл саясатына каршы чыккан шийи көпчүлүгүнүн нааразылык жүрүштөрү бир нече аптадан бери ири тополоңдорго айланып келет.