Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:28

Токтогазиев: Башкы прокуратура MegaCom боюнча кылмыш ишти туура эмес токтоткон


Каржы полициясынын жетекчи орун басары Кадыр Токтогазиев бүгүн “АКИпресс” маалымат агенттигинде маалымат жыйын өткөрүп, “Альфа Телеком” боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Каржы полициясында “Альфа Телекомдун” жетекчилигине карата козголгон кылмыш иши боюнча көптөгөн далилдер бар жана Башкы прокуратура бул кылмыш ишти туура эмес токтотуп койду. Каржы полициясы “Альфа Телекомдун” жетекчилиги 28 миллион долларды Кыргызстандагы 11 юридикалык тараптардын эсеби аркылуу чыгарып кеткенин аныктаган.

Башкы прокуратура азырынча буга комментарий бере элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG