Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там жолу жабылды

Жолдун жабылышына калың жааган кар себепкер болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Маалыматка караганда, аталган багыттагы жолдун 225-238-чакырымы жабык бойдон турат. Ушул тапта жолду тазалоо иштери жүрүүдө.

Ошондой эле аталган министрлик бул күндөрү Бишкек – Ош, Ала-Бука – Каныш-Кыя, Кара-Кулжа – Алайкуу, Кара-Кол – Эңилчек багытындагы жолдордо кар көчкү жүрүүсү мүмкүн экенин эскертет. Ошол себептүү бул багытта каттаган унаалардын ортосундагы аралык 500 метр болуусу керектиги сунушталат. (IJz)
XS
SM
MD
LG