7-апрель окуясы боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана ошол кезде бийлик башында тургандарга карата козголгон кылмыш иши 18-мартта карала баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Бакытбек Рысалиев билдирди.
Анын айтымында, сот процесси Мамлекеттик жаза өтөө кызматына караштуу Жаза өтөө департаментинин залында өтмөкчү. Коопсуздукту камсыздоо максатында соттук процесстин бардык катышуучулары тизме боюнча гана сот залына киргизилет.
Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Жүздөгөн адамдар ар кандай деңгээлде жараланышкан. Бийлик алмашкан соң мурдагы президент Курманбек Бакиев жана Жаныш Бакиев, Марат Бакиев, Максим Бакиев, Мурат Суталинов, Данияр Үсөнов баштаган мурдагы чиновниктерге кылмыш иши козголгон. Иш тергелип бүткөн соң аны Бишкек гарнизондук аскер соту карай баштаган. Былтыр ноябрь айында бул иш Башкы прокуратурага кайра тергөөгө жиберилип, бир ай өтпөй Аскер сотунун соттук коллегиясынын чечими менен кылмыш иши кайрадан карала баштаган. Сот жараяны Бишкектеги спорт сарайында жүрүп, 30-ноябрдын таңында спорт сарайдын жанындагы жардыруудан соң ишти кароо токтоп калган. (IJz)