Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Нарында тогуз адам ачкачылык акциясын баштады


Нарын шаарынын борбордук аянтында ачкачылык жарыялагандар мындай кадамга буга чейин бийликке койгон талаптары аткарылбаганы себеп болгонун айтууда. Акцияны уюштурган Нарындагы “Жарандар коррупцияга каршы” кыймылынын лидери Бактыгүл Жумабаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, алар былтыр 7-апрелде бийликке каршы чыккандарга ок аткандарды жазалоо жана бул күнү окко учкан Эрлан Өмүралиевдин ысмын шаардагы 7-мектепке ыйгаруу талаптарын коюшууда. Бул кыймылдын өкүлдөрү 3-мартта маалымат жыйынын өткөрүп, жогорудагы талаптарын жарыялаган жана бийликтен жооп болбосо нааразылык чараларга чыгаарын эскерткен. Аталган кыймылдын лидери бул акция мөөнөтсүз экенин, ачкачылык жарыялагандардын катары дагы көбөйүшү мүмкүндүгүн кошумчалады. Жергиликтүү бийликтен азырынча алардын талабына эч кандай жооп боло элек.

Былтыр 7-апрелде Бишкекте өлкө бийлигине каршы ири толкундоо болуп, президент Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаган. Бул күнкү тополоңдо 90го жакын адам окко учкан. Жаңы бийлик келген соң элге ок атуу боюнча Белорусияга качып кеткен мурдагы президент Бакиевге жана анын айланасындагы бир канча бийлик төбөлдөрүнө иш козголуп, 17-ноябрда сот башталган. Токтоп калган бул сот иши эми 18-мартта кайра уланат. (ErB)

XS
SM
MD
LG