Эгерде Тоолуу Карабахтын жикчил бийлиги жергиликтүү аэропортту ачып, регион борбору Степанкертке учактар каттачу болсо, Азербайжан аларды атып түшүрөт. Мындай эскертүүнү Азербайжандын аба жолдор агенттиги жасады. Азери агенттиги 16-мартта Эл аралык граждандык авиация уюмуна билдиргенге караганда, Тоолуу Карабахтын аба мейкиндиги жабык болгондуктан, ал жакка каттачу учактар Бакыдан уруксат алууга тийиш. Талаштуу Тоолуу Карабахтын жетекчилиги май айынан тарта Степанкерт- Ереван ортосунда коммерциялык рейстерди учурууну пландап жатат.
Тоолуу Карабах 1990-жылдардын башында өзүн Азербайжандан күнкорсуз деп жарыялаган.
Тоолуу Карабах 1990-жылдардын башында өзүн Азербайжандан күнкорсуз деп жарыялаган.