Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

МАГАТЭнин жетекчиси бүгүн Жапонияга барат


Фукисима Дайичи АЭСи, 15-март, 2011
Фукисима Дайичи АЭСи, 15-март, 2011
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Юкиа Амано Жапониянын Фукусима Дайичи АЭСиндеги абалды “өтө опурталдуу” деп атады.

"Мен мүмкүн болушунча эртерээк, балким, эртең Жапонияга барып, абал менен танышам, - деди кечээ Амано. - МАГАТЭ абалды жөнгө салыш үчүн кантип жардам бере алаарын билип келем".

Кечээ Фукусима станциясында радиациянын деңгээли кескин жогорулап кеткендиктен, ал жердеги иштер убактылуу токтотулган. Операторлор бүгүн аскерий тик учактарды колдонуп, ысып кеткен реакторлорго муздак суу чача турганын айтышууда. Атомдук бул станция өткөн аптадагы жер титирөөдөн жана цунамиден катуу жабыркаган. Ошондон бери бир нече реакторлорунда жарылуулар болду. Бийликтер анын айланасындагы элден 20 чакырым алысыраакка кетүүнү суранышты. Жапониядагы жаратылыш кырсыктарынан миңдеген адамдар набыт болду. Өлкөнүн императору Акихито кечээ сыналгы аркылуу элге кайрылып, жабыркагандарга көңүл айтты.

XS
SM
MD
LG