АКШнын президенти Барак Обама Сауд Арапстандын падышасы Абдулла жана Бахрейндин падышасы Хамад менен телефон аркылуу сүйлөшүп, демонстранттарды басуудагы аракеттерге тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу Ак Үйдүн расмий өкүлү Жей Керни кабарлады. Анын айтымында, Обама Бахрейнде элдик толкундоолорду басууда укук коргоо органдары “сабырдуу” болушу зарыл экенин белгилеген. Андан мурдараак Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Перси булуңундагы кызматташтык кеңешине кирген мамлекеттер Бахрейнге аскер жибергенин сындаган эле. Кечээ Манамада демонстранттарды борбордук аянттан кууган аскерлер менен полиция көздөн жаш чыгарчу газды, аскер машинелерин колдонгон. Кагылышууларда кеминде беш адам набыт болду. Коменданттык саат жарыялангандан кийин, азыр аскерлер баш калааны курчап турушат.