Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Жапониядагы кыргызстандыктарга Бишкектен учак барат


Президент Роза Отунбаева видео күндөлүгү аркылуу Жапониядагы кыргызстандыктарды алып келүү үчүн атайын чечим кабыл алынганын кабарлады. “Кыргызстан” авиакомпаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов “Азаттыкка” аталган компания бул чечимге ылайык бир учагын жөнөтүүгө даярдык көрө баштаганын маалымдады. Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, азыр Жапониядан 30-50 чакты кыргызстандык жаран кетүүгө камынып турат. 15-мартта Казакстандын чукул кырдаалдар министрлиги менен 21 кыргыз жараны учуп келген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG