Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

“Мегаком” директорунун милдетин аткаруучу Мурзалиев кызматтан кетти


“Мегакомдун” ээси - “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун директорунун милдетин аткаруучу Азамат Мурзалиев өз ыктыяры менен кызматтан кетти. Ал кызматтан кетүү тууралуу арызын Мамлекеттик мүлк министрлигине тапшырды. Мурзалиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мындай чечим “Мегакомдун” айланасындагы акыркы жагдайлар чечилгиче убактылуу кабыл алынды. Маалыматка ылайык, Азамат Мурзалиев “Альфа Телекомдун” тышкы башкаруучусу болуп кала берет.

Апрель окуясынан кийинки улутташтыруу жараяны учурунда “Альфателеком” ишканасынын 49% акциясы мамлекеттин колуна өткөн. Мындан улам мамлекеттин өкүлү катары Азамат Мурзалиев компаниянын тышкы башкаруучусу болуп дайындалган. Февраль айынын башында “Альфа Телекомдун” ошол учурдагы жетекчиси Андрей Силич жана анын орун басары Александр Бороздинге Каржы полициясы тарабынан кылмыш иши козголгондон кийин, Азамат Мурзалиев компаниянын директорунун да милдетин аткарууга өткөн.

15-мартта Башкы прокуратура Каржы полициясы тарабынан козголгон кылмыш ишти негизсиз деп таап, кылмыш ишин токтоткондо Андрей Силич баштаган мурдагы жетекчилик кайра келип, эки тарап ортосунда карама-каршылык чыккан болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG