Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:51

“Мегакомго” жаңы директор дайындалды


“Мегаком” байланыш операторунун басма сөз кызматынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, компаниянын ээси “Альфа Телекомдун” директорунун милдетин аткаруучу болуп Алмаз Абеков дайындалды. Бүгүн Абековду Мамлекеттик мүлк министринин орун басары Дайыр Кенекеев жамаатка тааныштырды. Алмаз Абеков буга чейин аталган компаниянын директорунун орун басары болчу.

Буга чейин “Альфа Телекомдун” директорунун милдетин Азамат Мурзалиев аткарып келген. Ал “Мегакомдун” тегерегиндеги маселелер чечилгиче кызматтан кете тургандыгын айтып, өз ыктыяры менен арызын жазган. (KKs)

XS
SM
MD
LG