Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Нарындагы ачкачылык акциясы убактылуу токтотулду


Бул тууралуу акциянын уюштуруучусу Бактыгүл Жумабаева “Азаттыкка” маалымдады. Анын маалыматы боюнча, Нарын облустук мамлекеттик администрациясы жана Нарын шаардык мэриясы алардын талаптарын чечүүгө аракет кылаарын бидиришкен. Ошол себептен Нарын шаарынын борбордук аянтында башталган акция убактылуу токтотулду. 24-мартка чейин жооп болбосо, акция кайра улантылат. Бирок жергиликтүү бийлик 7-апрелде каза болгон Эрлан Өмүралиевдин атын мектепке ыйгаруу боюнча талапты гана чечүү үчүн милдеттеме алышкан жок деп, кошумчалады акциянын уюштуруучусу.

16-мартта Нарында тогуз адам ачкачылык акциясын башташкан. Алар былтыр 7-апрелде бийликке каршы чыккандарга ок аткандарды жазалоо жана бул күнү окко учкан Эрлан Өмүралиевдин ысмын шаардагы 7-мектепке ыйгаруу талаптарын коюшкан болчу. (ErB)

XS
SM
MD
LG