Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапониядагы кыргызстандыктарды алып келүү үчүн атайын даярдалган учак бүгүн кеч менен Токиого учуп кетет. Бул учак Жапониянын борбор шаарына 18-мартта келип конмокчу. Зилзала болгон өлкөдөн кайтууну каалаган кыргыз жарандары учак менен Кыргызстанга келе алышат. Маалыматка ылайык, ушул тапта Жапонияда 130 чамалуу кыргызстандык бар. 15-мартта Казакстандын чукул кырдаалдар министрлиги менен 21 кыргыз жараны учуп келген болчу.
11-мартта Жапониянын түндүк-чыгышында күчү 9 баллга жеткен жер титирөө катталган. Зилзаладан улам өлкөнүн бир катар аймактарын топон суу баскан. Жапония бийлиги кырсыктардан 4300 адам өлгөнүн тастыктады. (KKs)