Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:53

Ош базарынын айрым сатуучулары Ак үй алдына митингге чыкты


Бишкектин Ош базарындагы айрым күркөлөрдүн ээлери жана ачык асман алдында соода кылган сатуучулардан турган 200дөй адам Ак үйдүн, азыркы Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар базардагы соода кылган жерлеринин алынышына нааразы болуп, мэрияны соода жерлерине тийишпөөгө чакырууда. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, чогулгандар премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин, Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун келишин талап кылышып, Чүй көчөсүн тосууга, Ак үйгө кирүүгө аракет кылышты. Бирок чогулгандарды укук коргоо кызматкерлери токтотуп калды. Чогулгандарга Жогорку Кеңештин аппаратынан өкүлдөр чыгып, талаптарын угушту.

Жыл башынан бери Бишкек шаардык мэриясы Ош базарынын тегерегиндеги күркөлөрдү мыйзамсыз орнотулган деген жүйөө менен башка базарларга көчүрүп келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG