Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

18-мартта түнкүсүн айрым аймактарда кар жаайт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 18-мартта түнкүсүн Кыргызстандын айрым жерлеринде кар жаайт, күндүз дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл кылаасынын айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10 градус суук, күндүз 0…5 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн -9…-14 градус, күндүз 0…5 градус болоору күтүлүүдө. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1 градус, күндүз 3…8 градус жылуу болсо, Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11 градус суук, күндүз -2…+3 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3 градус болоору күтүлүүдө. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -20…-25, күндүз -2…-7 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн -5…-7 градус суук, күндүз 3…5 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG