Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

Т. Исмаилова: Аксы окуясы боюнча акыйкат чечим чыгышы керек


«Жарандар коррупцияга каршы» уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Аксы окуясынын тогуз жылдыгына байланыштуу «Азаттыкка» пикирин билдирип, бул иш акырына чыгарылып, сот акыйкат чечим кабыл алышы керектигин айтты. Анын айтымында, тогуз жылдан бери Аксы окуясына күнөлүү адамдар өз жазасын албай келет. Ошол эле учурда бул окуяларда курман болгон алты жарандын жакындары да соттун чечимдерин көрө элек. “Адамдар эгемендүү сотко зар болуп жатат. Бирок азыр Кыргызстанда мыйзамдуу сот жок”, - деп билдирди Исмаилова.

2002-жылы 17-мартта Жогорку Кеңештин ал кездеги депутаты Азимбек Бекназаровдун камалашына нааразы болгон Аксы районундагы шайлоочулары менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу чыгып, анда алты адам ок жеп каза болгон. Бул окуя боюнча соттук иш алигиче уланып келет. Соттук териштирүүлөрдү Бишкек аскер гарнизондук соту карап жатат. Бул иш боюнча Аксы окуясы маалында коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган Болот Жанузаков, ошол кездеги башкы прокурор Чубак Абышкаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов жана ал убактагы Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын жетекчиси Таштан Мамбеталиев күнөөлөнүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG