Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

Байболов “Мегакомго” байланыштуу дооматтарды негизсиз деп эсептейт


Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболов “Азаттыктын” түз эфиринде курган маегинде “Мегакомдун” ээси “Альфа Телекомго” байланыштуу ага жана анын жубайына карата айтылган дооматтар, айыптоолор негизсиз экендигин билдирди. Анын айтымында, “Мегакомдун” тегерегиндеги шектүү иштерге алардын тиешеси жок. “Бул саясий акция болуп жатат. Катардагы алып сатуу тууралуу келишим боюнча аткарылган ишти саясатташтырып, жок жерден каралап жатышат”, - деди Байболов.

16-мартта “Альфа Телеком” компаниясынын тышкы башкаруучусу Азамат Мурзалиевдин юридикалык иштер боюнча орун басары Илим Карыпбеков Башкы прокурор Кубатбек Байболовдун жубайы Нуржамал Байболованын “Мегакомдогу” шектүү операцияларга катыштыгы бар деп билдирип чыккан. Бул иштерди далилдеген документтер өлкө президентине жөнөтүлгөнү кабарланган. Документтерде “Сарамжал Транс” компаниясы аркылуу “Альфа Телекомдон” 400 миң доллар өлчөмүндөгү каражат башкы прокурордун жубайы Нуржамал Байболовага таандык “Broodmaster - Bishkek” компаниясына шектүү жолдор аркылуу өтүп кеткени айтылган.

Мындан улам бүгүн парламенттеги “Республика” фракциясы Кубатбек Байболов кызматтан алуу демилгелерин көтөрүп чыгышкан болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG