"Фукусима Дайичи" өзөктүк ишканасынын экинчи реакторун кайрадан электр кубаты менен камсыз кыла башташканы 18-мартта таңкы сааттарда кабардалды.
"Фукусима Дайичи" өзөктүк бекетиндеги ысып кеткен реакторго согуштук тикучма, суу замбиректер менен тонналаган суу чачылууда. Жумушчулар өзөктүк реактордун муздаткычын кайра ишке киргизүү үчүн электр линияларын калыбына келтире албай жатышкан.
Радиация коркунучу күч алган сайын Жапониядан кетип жаткан чет элдиктердин саны көбөйүүдө. Бул өлкөдөгү 130 чакты кыргыз жараны да алынып кетүүдө. 15-мартта Казакстандын чукул кырдаалдар министрлиги менен 21 кыргыз жараны учуп келген.
Кошмо Штаттары өз элчилигинде иштеген дипломаттарга өздөрү кааласа, мекенине кайтууга уруксат берди. Кытай Жапонияны АЭСтеги кырдаал тууралуу өз убагында жана так маалымат берип турууга чакырды. Полицияга ылайык, өткөн жума күнкү 9 баллдык жер титирөөдөн жана анын кесепетинен чыккан цунамиден каза таап, дайынсыз жоголгондордун саны 14 жарым миңден ашкандыгын билдирүүдө.
Күн да сууктап, кар түшкөндөн улам, бир жумадан бери убактылуу жайларда жашап жаткан 500 миңге чукул кишиге кыйын болду.