Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Орусия активисттин кармалышы боюнча Беларустан түшүндүрмө сурады


Орусиянын Минскидеги элчилиги Андрей Юровдун камакка алынгандыгына байланыштуу беларус бийликтерине кайрылды. Белгилүү активист Минскиге ушул аптада Беларустагы адам укуктарын абалын иликтегени барган. Юровду кармаган милиция кызматкерлери анын ысмы Беларуска кирүүгө тыю салынган чет элдиктердин кара тизмесинде экендигин маалымдады. Беларус менен Орусиянын ортосунда виза режими жок болгондуктан, эки ортодо каттагандардын паспорттору текшерилбейт. Орус элчилигинин өкүлү Вадим Гусев Юровдун укугун коргоо үчүн элчилик колдон келген аракетин көрөөрүн билдирди. Юровдун Беларустагы кесиптештери тартип коргоочулар анын жеке оокат-кечегин, чөнтөк телефонун алып койгондугун билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG