Өлкөнүн Муаммар Каддафи көзөмөлдөгөн сыналгысы билдиргендей, аскерлер Зуитинадагы ири мунай терминалын кайра басып алып, азыр чыгыштагы Бенгази шаарына жакындап келди. Бул кабарга көз карандысыз ырастоо боло элек. Ливиянын үстүнөн учактар уча албаган тилке киргизүүнү жактагандар Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешин тийиштүү чечим кабыл алууга чакырышууда.