Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Жапониядагы кыргызстандыктарга учак жөнөтүлдү


Бишкектен бүгүн (18-мартта) түнкү саат экиде “Кыргызстан” авиакомпаниясынын учагы зилзаладан жана топон суудан жабыркаган Жапониядан кыргызстандык жарандарды алып келүү үчүн учуп кетти. Маалыматка караганда, учак Токио убактысы боюнча түш ченде конот. Жапониядагы кыргызстандыктардын бири Сейтек Качкынбаев “Азаттыкка” Токиодо аэропортто 20га жакын адам чогулганын айтып, элчилик уюштурган автобус менен дагы 40тай адам келиши ыктымал деп билдирди. Жапониядан алгач 20дай адам Казакстандын Чукул кырдаалдар министрлигинин учагы менен 15-мартта келген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG