Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Нави Пиллай бир нече аптадан бери шийи демонстранттары менен сунни падышалыгы ортосундагы тирешүүлөрдө демонстранттар менен дарыгерлерди туш келди камап, өлтүрүп, ур-токмокко алып жатышканы тууралуу кабарларды алып жатканын маалымдады. Ал шаршембиде демонстранттар негизги аянттан күч менен сүрдүрүлгөн падышалыкта “ооруканаларды куралчан аскерлер ээлеп алышканына” камтамачылык билдирди. Өлкөнүн көпчүлүгүн шийи мусулмандары түзгөн Иранда болсо, мамлекеттик сыналгы кабарлагандай, шаршембиде расмий Тегеран Бахрейндеги шийи демонстранттардын кордолушуна наарызылк иретинде Манамадагы элчисин чакыртып алды.